• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда брусчатка чыгаруучу цех ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти брусчатка чыгаруучу чакан цехти ишке киргизди.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 26-майда Жалал-Абаддын вице-мэри Элдос Таев цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып кайтты.

Таевдин белгилөөсүндө, аталган цех брусчатка сатып алчу каражатты үнөмдөө жана шаар көчөлөрүнө сапаттуу брусчатка басуу максатында ачылды. Аны ишке киргизүү жана керектүү каражаттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий