• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокен эли облус башчысы менен жолугушууда бир катар көйгөйлөрүн айтышты

Аймак 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда социалдык дүкөндөрдүн иштөөсү көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтканын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жарандар район аймагындагы айылдарда агын суу, таза суу, жайыт, турак жай, жер тилкелерин документтештирүү сыяктуу орчундуу көйгөйлөрдү айтылып, жеке укуктук маселелер көтөрүлдү.

Мындан сырткары, Ноокен районундагы базарларда азык-түлүккө болгон баа кескин жогорулап жаткандыгын белгиленип, көзөмөлгө алуу боюнча сунуштар айтылды.

Облус башчысы жергиликтүү маанидеги мекеме-ишканалар тарабынан чечилүүчү кайрылууларды тез аранын ичинде жөнгө салууну тапшырып, бир катар көйгөйлөрдүн аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Өкүл буга чейин базар бааларын жөнгө салуу үчүн бардык район-шаарларда социалдык дүкөндөрдү ачуу тапшырмасы берилгенин айтты. Ноокен району менен Майлуу-Суу шаарынын ортосундагы талаштуу жайыт жерлерин тактоо, социалдык дүкөндөрдүн иштөөсү көзөмөлгө алынаарын кошумчалады.

Белгиленгендей, Абсаттар Сыргабаевдин 2022-жылдагы Ноокен районунда өткөн эл менен жолугушуусунда жалпы 66 маселе көтөрүлүп, анын 45и чечилген, калгандарында жумуш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий