• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча турнир өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш түрү боюнча турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча спор чебери Бакыт Дубанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.

Ага калаа башчысынын орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал- Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешов, Зарылбек Салиев, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.

2 күнгө созулган турнирге Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарынан жана Ош шаарынан жалпы 15 команда катышып, 400 гө жакын спортчу күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлык жана Грамоталар тапшырылды.

Сопрттук иш-чара менен катар марафон өткөрүлдү. Иш-чара "Көк-Арт жаштар биримдиги" коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Максаты - жаштар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын-алуу жана өспүрүмдөрдү спортту сүйүүгө үндөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, марафондо жыйналган каражат Көк-Арт кичи шаарчасын өнүктүрүүгө жумшалат.

Эске салсак, Бакыт Дубанаев 2006-жылы 22 жашында дүйнөдөн кайткан. Уюштуруучулар анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында мындай спорттук иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турарын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий