• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.21 /Кабар/. Жалал-Абадда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, экөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1990-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши каза болуп жана 2 аял киши жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамдарды чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирген, ал эми каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий