• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров: Конституциялык реформа – элдин талабы

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Конституциялык реформа – элдин талабы. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакын арада конституциялык долбоор парламенттин кароосуна чыгарылат.

“Конституциялык реформа – жалгыз эле менин талабым эмес, элдин талабы. Анткени өткөндө элдин толкундоолору партиялык системага каршы, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болгон. Азыр конституциялык долбоор даярдалып жатат. Аны адистер даярдап жатат. Жакын арада ал парламентке чыгарылат. Парламентке конституциялык долбоор гана берилип, кандай Конституция кабыл алынар парламент менен коомчулук чечет. Көз карандысыз эксперттер өз сунуштарын берсе болот”, - деди ал.

Анын айтымында, даярдалып жаткан конституциялык долбоордо бир мандаттуу жана партиялык система каралып жатат. Башкача

“Бир мандаттуу кылуу элдин талабы, менин талабым эмес. Менин билишимче долбоордо 35 депутат бир мандаттуу округ, 55и партиялар аркылуу келсин деп даярдалып жатыптыр", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий