Жапаров “Россия – БА” саммитинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү стратегия иштеп чыгууну сунуштады

Президент 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү стратегияны биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл деп эсептейм», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде.

Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси азыркы күн тартибинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгилеп, Садыр Жапаров бүгүнкү күндө ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнүн механизмдерин түзүүгө аракет кылып, бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келерине көңүл бурду.

«Ошол эле учурда региондун өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы эске алынган жок. Келечекте, биздин көз карашта, азык-түлүк товарларынын мүмкүн болуучу тартыштыгын болтурбоо жана бири-бирин толуктоо үчүн ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен практикалык чараларды көрүү зарыл», — деди ал.

Президент азык-түлүккө жана энергияга болгон баанын көтөрүлүшү биринчи кезекте калктын аялуу катмарына тийип, кирешесинин эң көп бөлүгүн тамак-ашка сарптаган жакыр үй чарбаларына басым жасап жатканын белгиледи.

«Бул бизди абдан тынчсыздандырат, анткени социалдык жана саясий туруктуулук менен азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү бири-бири менен тыгыз байланышта.
Мындай кырдаалда тамак-аш азыктарынын экспортуна жана импортуна карата колдонулуучу жасалма жол менен түзүлгөн тоскоолдуктар түрүндөгү чектөө чараларынын болбошу өтө маанилүү.

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү стратегияны биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл деп эсептейм», — деди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий