• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жарнак орнотулган жердин ижаралык акысы жергиликтүү бюджетке түшөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин отурумунда талкууланды.

Талкуудагы мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыгып, редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө арналган. Себеби, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамында сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат сыяктуу тартиби каралган эмес, - дейт демилгечи депутат Гүлшат Асылбаева.

Азыркы учурда жарнак конструкциясын орнотуу үчүн жеке же юридикалык жак жеңилдетилген объектиге деп муниципалдык жер участогуна ижара укугун алышы зарыл. Жеңилдетилген курулуш объекттерине жер участокторуна ижара укуктарын берүү ачык тооруктарда жүргүзүлөт, анын натыйжалары боюнча тооруктардын жеңүүчүсү менен ар айдагы ижара төлөмдөрүн белгилөө менен ижара келишими түзүлөт. Жер участогун ижарага алуу укугунан кийин жеке же юридикалык жак үчүн кийинки – жарнак конструкциясын орнотууга архитектуралык-техникалык корутундуну (АТК) алуу этабы келип жетет.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз жарнактар аялдамадардын аталыштарын жаап калбашы керек, - деген талап болгону менен, ал көптөн бери аткарылбай жаткандыгын айтып, бул маселени бир канча ирет Жогорку Кеңеш жыйындарында көтөрүп чыккандыгын белгиледи.

Жеке же юридикалык жактар ачык тооруктарга жер участогун тандоо жана даярдоо стадиясында АТКны төлөөнү жүргүзөт, жарнак конструкциясын орнотуу үчүн берилген муниципалдык жер участогунун ижарасы жана аны пайдалануу үчүн ар айдагы акыны жергиликтүү бюджетке төгөт.

Тооруктун натыйжалары боюнча салык мыйзамдарына ылайык жер салыгы үчүн акыны төгөт, АТК үчүн жана топографиялык сүрөттү алууга ал үчүн акыны төлөйт, бир жылга берилген АТКнын колдонулушунун мөөнөтү аяктагандан кийин АТКнын колдонулушунун мөөнөтүн узартуу үчүн наркты ар жылдагы негизде төлөйт.

Жарнакты жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ишкердик субъекттеринин ортосунда түзүлүүчү тиешелүү келишимдин негизинде да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Талкуу соңунда “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр биринчи окууда тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Ошол эле тыянактын көчүрмөсү Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин дарегине жолдонду.

Пикир

Оставить комментарий