• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жашы жете электерди зордуктоо Ноокат районунда көп катталат – Башкы прокурор

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жашы жете электерди зордуктоо Ош облусунун Ноокат районунда көп катталат. Бул тууралуу КРнын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик, жергиликтүү алдынча башкаруу органдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Ал Ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылып, бул маселени тездетүү үчүн бардык күч аракетти жумшоону айтты.

“Ошол эле убакта эмне үчүн бул райондо мындай жогорку көрсөткүч болуп жаткандыгынын себебин аныктоо керек”,-деп билдирди ал.

Жолдубаева билдиргендей, бул багытта Ош прокуратурасы тарабынан бир катар иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий