• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңиш Разаков Астанада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун төрагалыгы алдында Беларусь Республикасынны Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.

Кеңештин жыйынынын күн тартибинде маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр жай, ошондой эле эл аралык ишмердикке байланыштуу 22 маселе каралды.

Талкуунун негизги темасынын бири катары спецификалык субсидияларга жол берүүнүн айрым критерийлерин пайдалануу шарттарынын тизмеси, кыргыз-казак чекарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу, чектеш ишеним мейкиндигин түзүүгө, өнүктүрүгө жана иштетүүгө талаптар, электрондук коштоочу документтерди өз-ара таануу механизми жана 2019-жылга карата ЕАЭБдин бюджетин бекитүү маселеси болду.

Мындан тышкары, ЕАЭБ жана Иран ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө алып бара турган Убактылуу келишимдин жана ЕАЭБ жана Кытай аралык соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдин күчүнө кирүүсү жана аларды ишке ашыруу маселеси талкууланды жана Биримдиктин 2019-жылга карай эл аралык негизги багыттары сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий