• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Жеңиш жазы” аталышындагы онлайн концерт өтөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Жеңиш жазы” аталышындагы онлайн концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерт бүгүн, 8-май саат 16:30да онлайн форматта көрсөтүлөт.

Майрамдык концерттин жүрүшү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынын эфиринен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий