• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жеңиштин 77 жылдыгы. Бишкекте "Баатыр баяны" тасмасынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кечээ, 9-майда Кыргыз улуттук тарых музейинде Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдиги тууралуу тасманын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасманын бет ачарына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, кыргыз кино индустриясынын өкүлдөрү, кеңири коомчулук жана кинону тарткан чыгармачылык топ катышты.

Тасма Кыргызстандан 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта жан аябай мекенин коргоп, мекенине кайтпай 75 жоокерибиз Советтер союзунун баатыры наамына татыктуу болгондугу жана алардын бири унутта калган Тукубай Тайгараевдын эрдиги тууралуу баяндалат. Ал 1944-жылы Латвиянын Лузда шаарынын жанында өзүнүн чалгындоо тобу менен душмандардын координаттарын артиреллиялык полкко беришип, аларды толугу менен талкалоого көмөк көрсөткөн. Бирок чалгындоо тобу менен буктурмага кабылып, Тукубай Тайгараев акыркы гранатасын жардырып, тегерегиндеги душмандар менен кошо курман болгон. Көрсөткөн эрдиги үчүн 1945-жылы март айында Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

“Баатыр баяны” көркөм-даректүү тасмасы Советтер Союзунун маршалы А.И.Еременконун “Годы возмездия” повестинин негизинде “Катаган продакшен”, “Куткелди фильмс” жеке менчик студиялар тарабынан тартылды. Чыгармачылык топ тасманы башкы каармандын туулуп өскөн айылынан, ошондой эле Латвия, Кара-Калпакстан, Татарстан, Башкыртостан, Чувашиядан тартып келген.

Пикир

Оставить комментарий