• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи.

«Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө калтыруу максатында 2020-жылы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө» тийиштүү Жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча Жарлыктын концепциясын колдошуп, өз сунуштарын жана пикирлерин айтышты жана аны ишке ашырууда бардык жардамдарын бере турганын белгилешти.

Ошондой эле алар бул сыяктуу окуялар Кыргызстанда экинчи кайталанбай, өлкөгө тынчтык, туруктуулук жана ынтымак керек экенин баса белгилешти.

Андан тышкары, жолугушуунун катышуучулары социалдык-экономикалык маселелерге, маданият жана спортту өнүктүрүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, сот реформасын жүргүзүүгө, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу каалоо-тилектерин жана өтүнүчтөрүн айтышып, Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү, элдин биримдигин бекемдөөгө багытталган саясатын ар тараптан колдой тургандыктарын баса белгилешти.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү, КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий