• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун толугу менен беребиз:

«Урматтуу куткаруучулар жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын куткаруучулар күнү менен куттуктаймын!

Куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу. Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат.

Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер.

Кырсыктын чеңгелинен куткарылган ар бир адам өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздер ар дайым өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана жоопкерчиликтүү милдеттерди ийгиликтүү аткарасыңар деп ишенем.

Куткаруучулардын сапаттуу жана заманбап техникалар менен камсыз болушуна камкордук көрүү, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесипкөй жаш куткаруучуларды даярдоо — мамлекеттин милдети.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш, татаал жана жооптуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.

Жараткан колдоп, жергебизде тынчтык, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болсун!»

Пикир

Оставить комментарий