• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүү – соцобъектилерди гана куруу гана эмес, муктаждарга жардам берүү

Президент 0

Бишкек. 17.55.19 /Кабар/. "Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмары – колунда жокторго жана жетим-жесирлерге жардам берүү”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, социалдык колдоого муктаждарга мамлекет көңүл бурууда.

"Жөлөкпул былтыр 3000 сом болсо, аны 1000 сомго көбөйттүк. Мамлекет колдон келишинче кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берип жатат. Облус жетекчилери, акимдерге айтып жатам, жетим, муктаждарга жардам берүү – чоң соопчулук. Кээ бир аймактарда бул багытта демилгелер башталды. Россия, Түркия, Германиядагы мекендештер менен жолугуштум. Баары тең "акимдер, айыл өкмөтү уюштурса - биз жардамыбызды беребиз" дейт. "Көп түкүрсө - көл болот". Ошондуктан колунда жокторго, кыйналып жаткандарга, жетим-жесирлерге жардам берүү маселесин айыл жерлеринде колго алышыбыз керек", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий