• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-14-июнунда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити, Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индия премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттеринин жыйынтыгы чыгарылган.

Министр Чыңгыз Айдарбеков бардык өткөн иш-чаралар боюнча тиешелүү маалымат берген.

Президент Тышкы иштер министрлиги бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Саммиттин жана визиттердин мазмундук жагын жана протоколдук-уюштуруучулук маселелерин жогорку деңгээлде камсыздап беришкенин, конкреттүү натыйжалар бар экенин белгилеген.

«Эми алардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу — негизги милдет. Кагаз жүзүндө калбай, мамлекеттин, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек. Бул эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын аброюн бекемдеген, өлкөнүн келечегине жемиш алып келчү иш чаралар», – деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле президент Бишкек шаарынын тургундарына бул ири эл аралык иш-чаралардын убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Шаардыктардын күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктарга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасашты. Ошондой эле миңдеген адамдар борбор шаарыбызды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушту. Алар күн-түн дебей иштешти. Мен баарыңыздарга жардамыңыздар жана жарандык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем», – деген мамлекет башчы.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министрине Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты менен бирге ШКУ Саммитинин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин, Монголия президенти менен Индия премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визиттеринин алкагында жетишилген макулдашуулардын мындан аркы аткарылышын кылдат көзөмөлгө алууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий