• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбековдун атаандаштары тарабынан чагымчылдык аракеттер кɵбɵйүүдɵ

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. С. Ш. Жээнбековдун штабынын ɵкүлдɵрү 1 сааттын ичинде 3 чагым жасоо фактыларын каттоого алышты.

Штабдан билдиришкендей, президенттикке талапкерлердин биринин бир канча ɵкүлдɵрү Беш-Сары базарынын коммерциялык бɵлүмүнүн кеңсесине айтымда, добуштарды сатып алууну колго түшүрүү жана жокко чыгаруу үчүн кирип барышкан. Добуштарды сатып алуу фактысы тууралуу телефон чалууга Ленин РИИБ кызматкерлери келишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында добуш сатып алуу фактысы аныкталган эмес. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын ɵкүлдɵрү аталган окуя боюнча пикирин айтышып, талапкердин да, КСДП партиясынын да Беш-Сары базарында штабы жоктугун билдиришти.

Ошондой эле 20га жакын спорттук дене түзүлүштɵгү чагымчыл топ талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп жаткан «Замандаш» партиясынын штабына кирип барышкан. Жаш жигиттер ɵздɵрүн кызуу кандуу алып жүрүшүп, штабдын ɵкүлдɵрүн конфликтке, мушташка түртүшүп, коркутууларга чейин барышкан. «Замандаш» партиясынын ɵкүлдɵрү чагымчыл аракеттерге алдырышпастан, болуп жаткан окуянын баарын телефондун видеосуна тартып алышкан. Чагымчыл топ дагы келе турганын айтышып, партиянын имаратынан чыгып кетишкен.

Интернетке добуш берүүдɵ ɵчүп калуучу сыясы бар калем сап колдонулуп жатканы боюнча видео чыгарылды. Анда участкалардагы добуш берүүдɵ дал ушундай калем саптар берилип жатканы боюнча маалымат айтылат. Бул маалымат БШКга, укук коргоо органдарына жɵнɵтүлүп, ошондой калем саптын колдонулуп жатканы канчалык чындыкка жакын экенин аныктоо талабы коюлду. Сыянын ɵчүп кала тургандыгы чын болсо, анда шайлоо участкасында бир да талапкер шайланбай, бюллетендердин баары бош чыгышы ыктымал.

Ишенимдүү маалымат булактары аркылуу бир талапкердин штабы кээ бир шайлоо участкаларында шайлоонун ɵтүшүн үзүгүлтүккɵ учуратуу сценарийин даярдап жатканы маалым болду. Бул шайлоо участкасында шайлоо ɵткɵн жок деп табылганда гана мүмкүн. Мында «эгерде таза күрɵштɵ жеңе албасаң, анда жыйынтыкты жокко чыгар» деген принцип иштеп жатат. Ошондой эле ыплас технологияларды колдонуу боюнча да маалыматтар бар, бирок этикалык жагдайлардан улам ал жɵнүндɵ жазууну туура эмес кɵрдүк. Бул технология атаандашы сɵз жок жеңип жаткан участкаларда колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий