• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин жарык үчүн чыгымдарын бюджеттен каржылоо жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жобо көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү процессин тартипке келтирүү максатында даярдалган. Бул каражаттар бюджеттик мекемелерди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана электр бөлүштүрүүчү компанияларынын алдында жергиликтүү бюджеттердин түзүлгөн карыздарын ыкчам жоюу максатында республикалык бюджеттен берилет.

Финансы министрлигине 2022-жылдан тартып жыл сайын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын кароосу тапшырылды.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабууну республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашыруусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий