• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу жөнүндөгү сунушун жактырды.

Бүгүн, 31-мартта парламенттеги жыйында 61 депутат Калиеваны кызматтан четтетүүгө макулдугун берсе, төртөө каршы добушун берген.

Эскерте кетсек, мындан мурда УКМК “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалымат тутумун жайылтууда коррупциялык факты боюнча Жогорку соттун кызмат адамына карата кылмыш иши ачылганы тууралуу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий