• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Кеңештин депутаты А.Токторов: Биз баарынан таза талапкер – С.Жээнбековду шайлашыбыз керек

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. «Биз талапкерлердин ичинен эң татыктуусун тандашыбыз керек», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмаз Токторов КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош областынын Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал Сооронбай Жээнбеков 22 жылдан бери саясатта жүргөнүн, парламенттин үч чакырылышынын депутаты, губернатор, премьер-министр болгонун эскертти. «Жүрөгүмдөн чыккан сөздөрдү айтайын – эң татыктуусу Сооронбай Шарипович. Башка талапкерлер деле жакшы жигиттер, бирок алар жаш, мамлекетти башкаруу оңой эмес. Адам байысам эле мамлекетти да башкарып кете алам деген сөздөн алыс болуш керек. Мамлекетти башкаруунун сыры болот. Ал сырга жетиш үчүн көп жыл саясатта жүрүш керек. Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык университетинен өтсүн ал балдар. Мамлекетти башкаруу, коррупцияны жеңүү деген оңой сөз эмес. Асмандагы айды алып берем дегендер айтыла берет. Бирок чындап иштеп, талыкпаган эмгеги менен эл арасында аброй топтогон жалгыз Сооронбай Шарипович. Бизде айтылат, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт, деп. 22 жылдын ичинде эбак артынан жаман сөздөр ээрчимек. Артынан бир жаман сөз ээрчиткен жок, таза киши. Бизде мындай таза кишилер аз. Шайлоого келгенде таза кишилерди тандап жүрсөк, коом тазаланат»,- деп белгиледи депутат.

Ал шайлоочуларды тандоодо өз жүрөгүн угуп, популисттик убадаларга алданбоого чакырды. «Ар кандай куру убадаларга ээрчибей, жүрөгүңөр, акыл-эсиңер менен тандагыла. Бул абдан чоң тандоо. Башкаруу белек эмес – чоң жоопкерчилик. Сооронбай Жээнбековдун ишине дыкат көңүл буруп турдум. Премьер-министр болгондон кийин бир жылдан өтүп, отчетке келгенде, айырманы көрдүм. Бардык тармактарды өздөштүрүп, бүт тармак боюнча маалыматты алыптыр. Бул чыныгы эмгекчил жана акылдуу адамга тиешелүү сапаттар. Мен силерден суранам, өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деген принципти бекем туткан Сооронбай Жээнбековду колдоп бериңиздер!», - деп ноокаттыктарды чакырды Алмаз Токторов.

Жолугушууга 20 миңден ашуун адам катышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 27.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий