• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку соттун төрайымы Токтогул райондук сотунун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-августунда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Токтогул райондук сотунда болду.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы 4 судья жана 11 аппарат кызматкерин жетектеген Токтогул райондук сотунун төрайымы Назира Солпуева төрайымды алгач өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Нургүл Бакирова судьялар жана аппарат кызматкерлери менен бул жолугушууда жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.

Төрайым сот реформасын жүргүзүүдө жер-жерлердеги соттор, аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулардын ролу чоң экенин белгиледи.

"Элибиз сот тутумундагы чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Сот адилеттүүгүн бекемдөөдө жергиликтүү соттордун ролу чоң. Андыктан, сиздердин ар бириңиздерден кесипкөйлүктү, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз", - деди Бакирова.

Жогорку соттун төрайымы 30-июлжан 1-августка чейинки аралыкта Жалал-Абад облусундагы иш сапарында Тогуз-Торо, Аксы жана Токтогул райондук сотторунун иши менен кеңири таанышты.

Пикир

Оставить комментарий