• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жумабеков Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде облустун инфраструктурасы башкы маселе катары айтылып, Кербен шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан Мамай жана Устукан айылдарына чек арадагы айыл статусун берүү зарылчылыгы көтөрүлдү.

Андан тышкары, айрым калктуу пункттарда таза суу маселеси курч экени белгиленип, Кербен шаарында орун алган Т.Уметалиев атындагы мектептин авариялык абалы тууралуу да сөз жүрдү. Аталган мектеп 1969-жылы ишке берилген менен азыркыга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган ар бир маселе боюнча берилген документтер менен таанышып чыгарып билдирип: “Араңардан өз аймагы үчүн күйүп-бышкан жигердүү депутаттарды көрүп жатам. 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан, биз дагы айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана жакшы демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мен жакында Ысык-Көл жана Нарын облустарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугуштум. Ал жакта да силердегидей көйгөйлөр көп. Андыктан, аймактардагы элдин турмушун оңдоого, айрыкча, билим берүү системасын жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Анткени, шаар менен айылдын ортосунда айырма болбоосу абзел. Балдардын татыктуу билим алуусу үчүн керектүү шарттар менен камсыздоо учур талабы”, – деди.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү кеңештин депутаттары Төрага Дастанбек Жумабековду ушул жылдын май айында Аксы районуна келип кетүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий