• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жумабеков Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун башкы прокурорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 2-октябрда Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун башкы прокурору Мехмет Аскаржа менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасы өнөктөш катары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жыйындарга жана ар кандай иш-чараларга жигердүү катышып келатканын белгиледи. «Биз Түркияны өзүбүздүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз катары карайбыз жана боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды өтө баалайбыз. Акыркы эки жыл аралыгында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык мамилелер кыйла жанданып барат. Менин пикиримде, 2018-жылдагы жогорку деӊгээлде өткөн иш сапарлар жакынкы жана орто мөөнөттүү өз ара кызматташтык мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыттарын тактап алууга өбөлгө түздү», - деди Дастанбек Жумабеков.

Ал эми Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун башкы прокурору Мехмет Аскаржа жылуу кабыл алганы үчүн төрагага ыраазычылык билдирди. Ал 14 өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 17-отурумуна катышканын, анда уюмга мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун маӊзат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү жаатындагы өз ара алакаларын арттыруу маселеси талкууланганын билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Мехмет Аскаржа мырзанын Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов менен болгон жолугушуусунда кызматташтык мамилелердин негизги багыттарын аныктап, эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын алакаларын арттыруу чаралары боюнча бир пикирге келе алышканына ишеним артарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий