• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыйырма жылдык кызматташтыкта ЕККУ Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошту – Айдарбеков

Саясат 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Жыйырма жылдык кызматташтыкта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Бул тууралуу "ЕККУнын Кыргызстандагы 20 жылы. Жетишкендиктер жана болочок" аттуу конференцияда тышкы иштери министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал белгилегендей, ЕККУнун учурдагы төрагасынын Кыргызстанга келиши алардын өлкөбүздөгү ишмердигинин 20 жылдыгына туура келүүдө.

"Ушул жылдар бою ЕККУнун Кыргызстандын өнүгүшүндөгү, демократия жана туруктуулукту бекемдөөдөгү колдоосун сезип келдик. Жыйырма жыл аралыгында ЕККУ Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруусунда колдоо көрсөтүп келет. Мындан улам, укук коргоо органдарынын реформасы, парламентаризмди өнүктүрүү, жергиликтүү башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү, мыйзамдын үстөмдүгү, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү, чакан жана орто ишкерчиликти колдоо, демократиялык институттарды бекемдөө, жарандык коомду өнүктүрүү өңдүү факттарды айта алам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий