• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк насыялар боюнча 339 млн сом карыз кайтарылды

Экономика 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. 2017-жылдын январь-февраль айларында республикабыздын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча 339,01 млн сом суммасындагы карыз кайтарылды. Бул тууралуу Финансы министрдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

- негизги карыз – 283,98 млн сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 55,03 млн сом.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2017-жылга болжолу 3 млрд 706 млн сомду түзөт, анын ичинен:

- негизги карыз – 2 млрд 674,76 млн сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 1 млрд 31,24 млн сом.

Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана Карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге, республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү (тындыруу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып таштоо) тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, 2017-жылдын январь-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүдөй өлчөмдөгү зайымдык каражаттар кайтарылды:

- Япония Өкмөтүнүн гранттык багыты боюнча 4,19 млн сом;

- Германиянын (KFW) насыясы боюнча 2,4 млн сом;

- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык багыты боюнча 2,11 млн сом;

- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы боюнча 0,93 млн сом;

- Түркиянын насыясы боюнча 0,23 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий