• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери Чүй облусунун аймагына 593 видеобайкоо камералары орнотулду

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында кылмыштарды алдын алуу жана санариптештирүү багытында жыл башынан бери 593 видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча 834 объекти такталып, сунуштар берилди. Ошентип, облус аймагында алардын жалпы саны 3 миң 704кө жетти.

Белгилей кетсек, президенттин өкүлү Канат Жумагазиевдин демилгесинин негизинде "Коопсуз шаар" видеокамералары үчүн жалпы 138 видеокамера орнотууга Чүй облустук резервдик фондунан 16 млн сом каражат бөлүнүп берилген. Аталган видеокамералардын 38и адамдын жүзүн таанычу болуп саналат жана аппарат 360 градуска айланууга жөндөмдүү.

Пикир

Оставить комментарий