• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жыл башынан бери Кыргызстандын аймактарында 133 үй-бүлө ипотека алды

Экономика 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандын аймактарында 133 үй-бүлө мамлекеттик ипотека алды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бүгүнкү кундө өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредиттер KfW программасы боюнча өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) кезексиз берилип жатат.

"Ушул жылдын январь-февраль айларында эле дээрлик 250 млн сомдук ипотека берилип, 133 үй-бүлө турак жайлуу болушту. KfW программасы боюнча ипотека "КИКБ", "РСК Банк" жана "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" банктары аркылуу берилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда KFW программасы боюнча 3 ипотекалык продукт бар, шарттары менен төмөнкү шилтемелерге кирип таанышсаңыз болот:

- КР аймактарында жаңы турак жай сатып алуу;

- КР аймактарында турак жай сатып алып реконструкция кылуу;

- КР аймактарында турак жай куруу.

Белгилей кетсек, баштапкы төгүм жок болсо кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү берилет же "РСК Банк" ААК аркылуу ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөм катары "Кепилдик Фонд" ААКнун ипотекалык кепилдиктерин колдонсоңуз болот

Пикир

Оставить комментарий