• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан тарта балдардын от менен ойноосунан 28 тилсиз жоо катталган

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. 2022-жылы балдардын от менен ойноосунан 28 тилсиз жоо катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

- электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелерин бузуудан (384 өрт кырсыгы);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (132 өрт);

- мештерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (126 өрт);

- балдардын от менен ойноосунан (28 өрт).

Үстүбүздөгү жылды өрт-куткаруу кызматы тарабынан 72 баш мал, 18 унаатехника куткарылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын беш айында республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий