• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жыл башынан тарта мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 100 кг баңгизаты алынды — Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында Мамлекеттик бажы кызматынын баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмдөрү Кыргызстандын башка укук коргоо органдары менен биргеликте баңги кылмышынын 30 фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкү баңги заттар алынды:

- марихуана 48 кг 304 гр 89 мг;

- гашиш 45 кг 833гр 25мг;

- апийим 2 гр 91 мг;

- психотроптук каражаттар 450 гр.

Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюу 57,9%га көбөйгөн, эгерде өткөн жылы баңги кылмышынын 19 фактысы аныкталса, анда 2021-жылдын 1-кварталында баңги кылмышынын 30 фактысы аныкталды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 фактыга көп.

Пикир

Оставить комментарий