• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы прокурор: 6 айда мыйзамсыз берилген 352 га жер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз менчиктештирилген 352 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин отурумунда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, жер бөлүштүрүүдө жергиликтүү бийлик, архитектура жана башка бийлик органдарынын ортосунда коррупциялык схемалар орун алып келет.

“Буга байланыштуу прокуратура органдары 2021-жылы өлкөдө ар кандай багыттагы 1 миң 125 гектар жерди кайтарып берген. Өз кезегинде, 2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз берилген 352 гектар жер мамлекетке кайтарылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий