• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешине төрагалык кылат

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда КР башкы прокурору Курманкул Зулушевдин төрагалыгы астында онлайн режимде КМШ мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 7-отуруму өттү.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, отурумда Армения, Беларусь жана Россиянын башкы прокурорлору, ошондой эле Казакстан жана Тажикстандын коррупцияга каршы агенттиктеринин жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү багытындагы кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кызматташууну бекемдөө боюнча актуалдуу маселелер каралды.

КР башкы прокурору Зулушев Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөп, отурумдун катышуучуларын мыйзам чыгаруу жаатындагы реформалар, мунун ичинде күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстер, ошондой эле Кыргызстанда коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды жасагандар үчүн жазанын күчөтүлгөндүгү тууралуу билдирди.

Отурумдун жыйынтыгы менен КМШ катышуучу мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешиндеги кезектеги Төрагалык жана бул уюмдун катчылыгы КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий