• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кошумча имаратынын курулушу 40%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкектин Кызыл-Аскер конушунда жайгашкан №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кошумча имаратынын курулушу 40 пайызга аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бетон иштери, биринчи кабаттын жана жертөлөсүнүн кирпич коюу иштери бүткөрүлүп, электр жарыгы тартылды. Экинчи жана үчүнчү кабаттарда кирпич коюу иштери уланууда.

Жаңы имарат 3 кабаттан туруп, 150 кишини кабыл алууга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт.

Кошумча имаратта ЭКГ, УДИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.

Мындан тышкары, долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий