• 88.68
  • 95
  • 0.95

11-майда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 11-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда +20...+25 градус болушу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +29...+31 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий