• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 34 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланган

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Бишкекте 34 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн электр калканынан чыккан өрттүн кесепетинен келип чыккан.

Жабыркаган 34 жаштагы Г.М.С. тез жардам кызматы менен ооруканага жетирилип, учурда абалы туруктуу.

Өрт электр зымдардынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий