• 88.68
  • 95
  • 0.95

12-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +34...+39, Талас облусунда +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Ысык-Көл, Нарын облустарында +25...+30 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36...+38 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий