• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугу 72,73 мегаватка көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Энергетика министрлиги 2023-жылы ГЭСтерди реконструкциялоо, чакан ГЭСтерди жана күн электрсианцияларын ишке киргизүү менен электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтө алды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Алсак, 2023-жылы ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо менен 65,6 МВтка, күн электрстанциясын куруу менен 430 кВт, ал эми ЧГЭСти ишке киргизүү менен 6,7 кубаттуулукка көбөйдү. Тактап айтканда, 2023-жылы электр энергиясынын жалпы кубаттуулугу 72,73 МВтты түздү.

Мындан тышкары, учурда 58,9 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭС суунун көлөмү көбөйсө ишке кирүү алдында турат.

Мунун ичинен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизүүгө карата ачылыш аземин өткөрүү жакынкы арага пландалууда.

Ал эми 2024-жылы болжолдуу 50,6 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭСтерди ишке киргизүү, ошондой эле Токтогул, Үч- Курган ГЭСтерин реконструкциялоо менен кубаттуулукту 69 МВтка көбөйтүү пландалууда.

Мындан улам, 2024-жылы электр энергиясына жалпы 119,6 МВт кубаттуулук кошулат дегенди билдирет. Энергетика министрлиги тарабынан аткарылып жаткан ар бир иш, таңкыстыктан чыгууга жасалган кадам.

Пикир

Оставить комментарий