• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

6-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

236 кароо Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Эртең, 6-декабрда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5, Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3, градус болот.

Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү ыктымал. Абанын түнкү температурасы -6…-8 градус, күндүз -1...+1 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий