• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аба ырайы: Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорундо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Талас облусунда +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +15...+20, Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий