• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдун (Россия Федерациясы) Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-санкт-петербург эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарында, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн “Россия-Кыргызстан” бизнес-диалогунун күн тартибиндеги катышуучулардын жогорку деңгээлде жана мазмундуу талкуу өткөргөнүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Адылбек Касымалиев маектешин ушул жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өтө турган онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференцияга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Евгений Григорьев өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлорду, анын ичинде аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий