• 88.68
  • 95
  • 0.95

Афганистандан кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштурган Орузбаев «Эрдик» медалы менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда өткөн жылы жайында Афганистандагы оор кырдаалда Кыргызстандын жарандарын коопсуз эвакуациялоону уюштурган КР элчилигинин кызматкерине «Эрдик» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 30-декабрындагы № 584 жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкери Орузбаев Нурлан Аскарбековичке 2021-жылдын августунда КР жарандарын коопсуз эвакуациялоону уюштургандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык – «Эрдик» медалын тапшырды.

Министр Казакбаев өз сөзүндө Нурлан Орузбаевдин Кабулдагы мекендештердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келген курч туруксуз мезгилде өзүнүн өмүрүнө болгон коркунучтарга карабастан, маанилүү мамлекеттик тапшырманы аткарууда эрдик, күжүрмөндүк жана баатырдык көрсөтүп, Афганистандан 24 Кыргызстан жаранын эвакуациялоо боюнча ийгиликтүү чара көргөнүн белгиледи.

Министр ошондой эле сыйлоо аземине Мекенге кызмат кылуунун татыктуу үлгүсүн көрсөтүү жана жашоодо эрдик үчүн дайыма мүмкүнчүлүк бар экендигин өзгөчө белгилөө максатында министрликтин жаш кызматкерлерин чакырганын билдирди.

Министр Казакбаев Нурлан Орузбаевге ден-соолук жана мекен үчүн кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий