• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аял милиционерлер ассоциациясынын өкүлдөрү «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузушту

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Аял милиционерлер ассоциациясынын өкүлдөрү «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Заманбап шарттарда милиция айымдарынын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүүсү” аттуу семинар Кыргыз Аял милиционерлер ассоциациясынын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруунун бирдиктүү багытын талкуулоо жана аныктоо үчүн аянтча катары өбөлгө болду.

Кыргыз Аял милиционерлер ассоциациясынын 10 жылдыгына жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы Кыргыз аялдарынын ассоциациясынын 5 жылдык маарекесине карата уюштурулган семинардын экинчи күнүнүн алкагында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинде жардамы менен ассоциациянын мүчөлөрү үчүн эки жылдык иш- мерчеми иштелип чыккан, анда аны ишке ашыруунун бардык этаптары, ошондой эле семинардын жүрүшүндө айтылган көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралар каралган.

Мерчемде жетишкен макулдашуулар Кыргыз Аял милиционерлер ассоциациясынын жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы Кыргыз аялдарынын ассоциациясынын ишине оң түрткү берет жана гендердик өкүлчүлүктүн абалын жакшыртууга көмөктөшөт. Ички иштер органдарындагы аялдардын ролу жана орду, ошондой эле алардын жөндөмүн жана салымын жогорулатуу, милицияга болгон элдин ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Семинардын соңунда катышуучулар «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, бул демилгени «Зомбулукка каршы 16 күн» эл аралык акциясы менен дал келип, аны менен өлкөдө тынчтыкка, туруктуулукка жана коопсуздукка чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий