• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Оштогу объектилерди кыдырып, бир катар жолугушууларды өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында КРнын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 31-августта Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата масштабдуу иш-чаралар өтөөрү айтылды.

МинКаб башчысы, бардык иш-чаралар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүшү керектигин белгиледи.

Андан ары МинКаб башчысы бир катар объектилерди кыдырды, анын ичинде Ош шаарындагы суу чыгаруучу мунараны, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында турган шаардык автобекетти көрдү.

Акылбек Жапаров автобекеттин абалын сынга алып, аны Ош шаарынын балансына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий