• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна иш сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) иш сапары менен келди.

Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы СУАРдын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анда эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелер талкууланат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПОнун ачылышына катышат жана ЭКСПОго мүчө өлкөлөрдүн павильондорун, анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү дагы бар.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугат, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат, кытайлык ишкерлер менен жолугат жана кыргыз-кытай бизнес форумуна катышат.

Белгилей кетсек, жумуш сапар Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча уюштурулду, ал ушул жылдын март айында Кыргызстанда болгон.

Пикир

Оставить комментарий