• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров сууну сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында президентке караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук кеңештин отчету угулуп, алдыдагы пландары каралды.

Учурда 2040-жылга чейин КР Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Улуттук стратегиянын негизги багыттары – суу ресурстарын түгөнүүдөн, булгануудан коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана башкаруу системасын реформалоо. Бул багытта, Мамлекеттик суу администрациясын жана бассейндик суу администрацияларын түзүлөт. Ошондой эле, суу ресурстарын башкаруу боюнча мыйзамдык базалар дагы каралат.

Адистердин айтымында, жер бетинин 70% суу менен капталган. Бирок ал суунун 97% туздуу суу болсо, калган 3% гана ичүүчү таза (тузсуз) суу болуп саналат. Ал эми, Кыргызстанда жер үстүндөгү суу ресурстарынан тышкары жер астындагы тузсуз суунун олуттуу запасы бар.

Кыргызстанда суунун потенциалдуу запасы бар экенин эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин билдирди.

Бул багытта Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине, Айыл чарба министрине суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө ушул жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарынын алкагында курулуш материалдарын чыгарган “Concrete Canvas” компаниясынын жетекчиси Уилл Кроуфорд менен жолугушууда жетишилген макулдашууну ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу жетишилген болчу. “Concrete Canvas” компаниясы чыгарган материалдар ири каналдардын, суу сактоочу жайлардын алдына төшөлүп суунун жоголуусун азайтат.

Пикир

Оставить комментарий