• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 72 куткаруучу тартылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда саат 12:30га карата Аламүдүн коктусунда жоголгон адамды издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси А.Асанов, маалымат кызматы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун дрон кызматынан А. Картайганов жетектеген ыкчам топ чыгышты.

Мындан сырткары, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги менен 24, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 38, 1 кинолог, 1 камаз, 1 снегоход, 4 дрон жөнөтүлдү. Жалпысынан техникаларды башкаруучулары менен бирге 72 куткаруучу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" тобунан 8 кызматкер дрон менен тартылды.

Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча, 14-январда Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М уулу дайынсыз болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий