• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусу боюнчаөкүлү Канат Жумагазиев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев, Чүй облустук милициясынын начальниги Дамир Исаков, Аламүдүн райондук милициясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышы.

Министрдин орун басары Урмамбетов бардык катышуучуларга кошкон салымы, жардамы жана милиция менен кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыланган айылдык милиция бөлүмү жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү таяныч болорун белгилеп кетти.

Учурда Беш-Күнгөй АМБнүн өздүк курамынын саны 12 кызматкер болуп бекитилип, жалпы саны 50 миңден ашкан тургундары бар 9 айыл, 4 жаңы конушту тейлешет.

Белгиленгендей, аталган милиция бөлүмчөсүнүн мурдагы имараты 2019-жылдын август айында "Кой-Таш" окуясында толугу менен өрттөнүп кеткен

Пикир

Оставить комментарий