• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алтын казган ишканадагы өрт. Милиция кырсыктын болжолдуу себебин атады

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын казган "Фулл Голд Майнинг" компаниясынын фабрикасында чыккан өрттүн болжолдуу себебин атады.

Милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрткө ал жакта жүргүзүлүп жаткан ширетүү иштери себеп болгон.

"Ошондой эле ал жерде тез күйүүчү курулуш материалдары сакталган", - деп кошумчалашты облустук милициядан. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Эске сала кетсек, бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы алтын кен ишканасынын имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 12:30да чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий