• 88.68
  • 95
  • 0.95

Антальяда 2-кабаттан кулаган кыз КРге кайтууга даярданууда

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Антальяда (Түркия) 2-кабаттан кулаган кыз Кыргызстанга кайтууга даярданууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги кыргызстандык кыз дарыланып жаткан Түркиянын мамлекеттик ооруканасынын дарыгерлери менен байланышкан.

Медуюмдан билдиришкендей, кызга операция жасалган.

Учурда бейтап ооруканадан чыгууга камынып жатат, кыргыз диаспорасы тарабынан Түркияда ижарага алынган батирде жашап турмакчы.

Саламаттыгы жакшыргандан соң жана уруксат кагаздарды алгандан кийин КР жараны А туугандарынын коштоосунда 1-январда мекенине кайтууга даярданып жатат.

Пикир

Оставить комментарий