• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат — ТИМ

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстан Түркиянын Анталия шаарында Башкы консулдугун ачат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

“Анталияда Кыргызстандын көптөгөн жарандары иштеп, жашайт. Президенттин чечими менен жакынкы учурда аталган шаарда биздин өлкөнүн Башкы консулдугу ачылат. Бул маселе боюнча каражат бөлүнүп, саясий чечим кабыл алынган”, - деди ТИМ башчысынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий