• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Анын кол алдында КРнын энергетикалык тармагынын пайдубалы түптөлдү – Жамалбек Тулебердиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 18.08.22./Кабар/. Өлкөбүздүн энергетика тармагы оор жана орду толгус жоготууга учурады. 18-августта 87 жаш курагында, “Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” Жамалбек Тулебердиев дүйнө салды.

Москва суу чарба инженерлеринин институтун аяктагандан кийин 1956-жылы эмгек жолун баштап, Аламүдүн ГЭСтеринин кыркасынын гидротехникалык цехинин улук устаттык кызматынан Мамлекеттик акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын (Кыргызгосэнергохолдинг) президентинин жолун басып өттү.

Жамалбек Тулебердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагынын пайдубалы түптөлүп, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган.

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулушу жана Камбара-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштар башталган.

Нарын дарыясынын суу ресурстарынын гидроэнергетикалык пайдалануусунун долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, Токтогул ГЭСтеринин кыркасынын курулушуна зор салымын кошкон.

Жамалбек Түлөбердиевдин түздөн-түз катышуусу менен Орто Азия менен Казакстандын биргелешкен энергетикалык тутуму түзүлгөн.

Энергетиктердин ассоциациясынын башчысы болуп, энергетикалык тармактын маселелери менен тыгыз иш алып барып, энергетика ардагерлеринин маселелерин чечип, жаш адистерге тажрыйбасы менен бөлүшүп, талыкпай эмгектенген.

Эл аралык Инженердик Академиясы менен Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, илимий журналдарда жана республикалык басмаларда макалалардын автору тармактын легендарлуу каарманы наамына ээ болгон.

Жамалбек Түлөбердиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Эмгек Кызыл Туусу эки ордени, “Элдер достугу” ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты, “Кыргыз ССРинин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” наамдары ыйгарылган.

Жамалбек Тулебердиевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.

С.Жапаров, Т.Мамытов, А.Жапаров, С.Касмамбетов, А.Касымалиев, К.Ташиев, Б.Торобаев, Э.Байсалов, М.Иманкулов, А.Джунушалиев, М.Укушов, Н.Сулайманкулов, А.Исанов, Д.Бекмурзаев, Б.Нарбеков, Ж.Бакиров, Т.Толубаев, Т.Айталиев, М.Бектеналиев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий