• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араб Эмиратынын футболчусу: Биздин бүгүнкү каршылашыбыз Түштүк Корея же Япониядан күчтүү

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) улуттук курамасынын оюнчусу Ахмед Халил Азия Кубогунун алкагында Кыргызстан менен өтчү беттеш тууралуу Эмираттык "Аль-Иттихад" гезитине маек берген.

Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги ал футболчунун ошол маегинен үзүндүсүн которгон.

Ахмед Халил Араб Эмиттары бул мелдеште өткөрө турган оюндардан КР менен болчу беттеш кыйын болорун билдирген.

"Кыргызстандын курамасына каршы туруу Япония же Түштүк Кореяга караганда кыйын пункт болууда. Себеби, биздин алдыбызда жеңиш үчүн жана мурда жетпеген жетишкендик үчүн ойной турган команда турат", - дейт Ахмед Халил.

Андан кийин ал Кыргызстан тарыхында алгачкы ирет Азия Кубогуна келип, ага карабай көрсөтөр оюну жана көрүнүктүү оюнчулары бар экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин Азия Кубогунун 1/8 финалындагы оюну бүгүн өтөт. Беттеш Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайед" стадионунда өтүп, биздин убакыт боюнча 23:00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий